Меню
Эл-Сөздүк

Ары-бери жүрүү жана отурукташуу эркиндиги

АРЫ-БЕРИ ЖҮРҮҮ ЖАНА ОТУРУКТАШУУ ЭРКИНДИГИ – адамдын негизги жеке укуктарынын бири. Мамлекеттин баардык аймагында эч жолтоосуз ары-бери жүрүү, жайгаша жана жашай турган жерин тандоо, ошондой эле мыйзамдын биркатар талаптарын сактоо менен, мамлекет аймагынан чыгып кетүү жана ага кайрылып келүү мүмкүнчүлүгүн билдирет. Адамдар өзү жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында А. ж. ж. о. э-н толугу менен пайдалана алат. А. ж. ж. о. э-н мындай толук көлөмдө жарандар өзү жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында гана пайдаланат. Чет өлкө жарандары менен жарандыгы жок адамдардын А. ж. ж. о. э. адатта кыйла чектелген мүнөздө болот, бирок баары бир тийешелүү мамлекеттин аймагын өзалдынча таштап кетүү укугун жокко чыгарууга тийиш. Бирок, демократиялык өлкөлөрдө жарандарга карата биркатар чектөөлөр бар. Көпчүлүк мамлекеттерде аскердик, экономикалык, жаратылышты коргоо ж. б. сыяктуу маселелерге, ошондой эле жеке ээликтеги жерге кирүүгө тыюу салынгандыгына байланыштуу кыйла аймактарда эркин жүрүүгө чектөө коюлган. Мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жүйөсү боюнча да жарандардын өз өлкөсүнөн чыгып кетүүсүнө чектөө салынышы мүмкүн. Өзгөчө кырдаал учурунда дагы А. ж. ж. о. э-не чектөө коюлушу мүмкүн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: